Простатит уй шартында дарылоо

Простатит уй шартында дарылоо

Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун дарыгери Канатбек Казымбеков простатиттин белгилери жана дарылоо жолдору жөнүндө айтып берет.

Простатит — 25-30 жаштан 45-50 жашка чейинки эркектердин жыныс безинин сезгениши.

Себептери

Простатиттин өнүгүшүнө организмдеги инфекциялык оорулар түрткү болот. Мисалы, эркек өздүк гигиенаны сактабаса, инфекциялар заара түтүкчөсүнүн каналында калып калат. Кийин суук тийгенде, стресс болгондо же кандайдыр бир башка себептерден улам оору күчөп простатитке айланат.

Белгилери

  • Жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт
  • Бат-баттан заара ушатат
  • Каналдын ичи ачышат
  • Табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт.

Дарылоо жолдору

  • Жыныс безинин чукул сезгенишинен улам пайда болгон курч простатитти консервативдик жана операциялык ыкмалар менен дарылайт.
  • Тубаса простатитте антибиотиктер, ийнелер жана физикалык дарылоо колдонулат.

Алдын алуу

Простатитти алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо керек! Өз алдынча дарыланууга тыюу салынат. Белгилери байкалса дароо урологго кайрылуу кажет. Болбосо, жыныс алсыздыгына же тукумсуздукка алып келет.

Кыялдын ордуна жаралчу бирөө гана бар-ал тажрыйба дешет. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Бул каарман өз тажрыйбасы аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багындырып, 30 жылдан ашуун ишмердүүлүгү менен кадыр-баркка ээ . Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун санатория бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери, медицина илиминин кандидаты, доцент, ага илимий кызматкер Шермамат мырзаны кепке тарттык.

—Акыркы кездерде оорунун түрлөрү жашарууда , муну алдын-ала жөнгө салууга болобу?

—Акыркы күндөрү жаштар арасында простатит, импотенция менен көп ооруй баштады. Импотенциянын күчөп кеткен оорусу тукумсуздук. Балалуу боло албай жүргөн жаштар көп. Импотенциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышынын начарлашы, ошондой эле уруктук суюктугунун түшүүсүнүн бузулушу. Урук суюктугу (сперма) жыныстык катнашууга чейин эле куюлуп, эркек алаптануу, дүүлүгүү менен чектелип, жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт. Себеби өтө эле көп. Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча экологиянын бузулушу, полуфабрикаттар, жер-жемиштерге ГМОнун кошулушу жана башка терс көрүнүштөр таасири күч алууда. Жаштарыбыз уул-кыз дебей, мода куушуп, ден-соолугуна зыян келтирген кийимдерди кийип жатышат. Союз доорунда биз уялбай эле кийиз өтүктөрдү кийип алчубуз. Азыркы жаштарыбыз андай өтүктөрдү киймек турсун карап да коюшпайт. Кышында туфли кийип чыгып кетишет. Албетте, бутту этияттабагандыктан бут аркылуу ар кыл оорулар менен жабыркашат. Эркек органдар бири-бири менен байланышып, бирине бири өтүп жуга берет.

—Медицина улам өнүгүп жатпайбы, тукумсуздукту жоюунун жолдору барбы?

—Медицина өнүккөнү менен тукумсуздукту азайтуу жогорудагы таасир бергендерди азайтуу керек.Тукумсуздукту алдын-алуу үчүн бала бакчадан баштап , мектеп, ЖОЖдордо медициналык текшерилүүдөн өткөрүп, учётко алып, ден-соолугун көзөмөлдөө керек. Союз доорунда прафилактория деген ар бир ЖОЖдордо бар болчу.

—Көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй катары айтсаңыз календарь боюнча үй-бүлөнү пландаштыруу канчалык чындыкка жакын?

—Календарь боюнча эсептөөнүн 80-90%ы туура чыгат. Биринчиден, дене-тарбия машыктыруу ыкмаларын жүргүзүп туруу керек, эң негизгиси өзүн жылуу кармаш керек. Тамак-ашты керектүүлөрүн гана тандап жеп, тамеки чекпей, ичимдик ичпеш керек. Уролог катары бир мисал айтсам азыркы жаштар үйлөнүп, азыр турмуш-шартыбыз жакшы эмес, бутка тургандан соң балалуу болобуз деп аборт кылдырып салышат. Аборт кылдырган сайын жатыны жабыркап, кийин балалуу болбой калат. Кеч түшүнүшкөнү өкүнүчтүү.

Читайте также:  Норма тестостерона у мужчин в 60 лет после удаления рака простаты

—Жасалма уруктандырууда уруктук суюктугунун (сперма) күчтүүлүгү канча % болуусу зарыл?

—Спермограмма жансыз жана жандуу уруктук суюктугу болуп экиге бөлүнөт. Балалуу болууну каалагандарда 70% активдүү кыймылы күчтүү уруктук суюктугу болуусу шарт. Андан кем болсо түйүлдүктүн бала болгонго мүмкүнчүлүгү аз болот.

—Бөйрөктөгү таштарды операциясыз жоготсо болобу?

—Таштардын түрлөрү: оксалат, фосфат, урат, карбонат, струвит. Чөп-чардын жардамы менен түшүрүүгө мүмкүн болгон таштар бар. Бөйрөккө жабышып өскөн таштар бар, аларды операция жолу менен алуу керек. Таштардын өлчөмү кичине болсо түшөт. Эгер чоң таштар болсо анда бөйрөк менен кошо алынат. Ошондуктан, ар бир кыргызстандыктар өзүн сыйласа, жылына эки жолу жалпы кан анализин жана башка анализдерди тапшырып туруусу зарыл. Азыр үй-бүлөлүк доктур долбоору кызуу иштөөдө, ар бир жаран медициналык кароодон өтүп туруусу керек. Өз ден-соолугуна кайдыгер караган замандаштарыбыз көп, оорусу өтүшүп кеткенде кайрылган кыргыздын канына сиңген да. Эки бөйрөгү тең иштебей калганда, кайрымдуулук концертин өткөрмөй салтка айланды да калды. Ооруну алдын-алууда прафилактикалык жумуштар азыркы күндөрдө аябай начар.

—Өмүр өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр экен. Ишмердүүлүгүңүздөгү ийгиликтерге токтоло кетсеңиз…

—Эң эле эсте калган күндөрдөн 2009-жылы Кыргызстандын эң узун жараныбыз ыраматылык Жеңишбек Райымбаев ( бою 2 метр 30 сантиметр) башка ооруканалар албай коюп, бизге аябай оор акыбалда сегиз киши көтөрүп келишкен. Аны үч керебетке араң дегенде жаткырып эки ай дегенде бутка тургузганбыз. Элден айланса болот, көп түкүрсө көл болот дегендей, жалпы жамы журт жардам беришкен. Кийим-кечеси жок экен, атайын буюртма менен кийимдери, 62 өлчөмдөгү бут кийими тигилген. Бизге жыл сайын келип дарыланып турчу. Акыркы кездерде келбей койгон. Көрсө, жышылып түшүп, бир бутунан ажырап калыптыр. Көп узабай каза болуп калды.

—Өз адисинин мыкты чеберинен “антип калды, минтип калды” деген шылтоо укпайсың. Тажрыйбалуу мыкты кесипкөйлөрдү кандай тандайсыз?

—Биздин курортологияда физиотерапия боюнча кафедра бар. Ар бир адис ушуну окуп бүткөндөн кийин гана дарылоого уруксат алат. Институтта 3-4 илимдин доктору, илимдин 10дон ашык кандидаты бар. Санатория бөлүмүндө жогорку категориядагы врачтар, жалпысынан 17 кызматкер иштейт. Бөлүмгө жылына 1000-1200 оорулуу келип кетет.

—Башка курортологиядан айырмасы барбы?

—Биз башка курортология-санатория­лардан кескин айырмаланабыз. Анткени, бизге келген ар бир бейтаптын алгач жалпы кан анализи, заара чыгаруучу анализи, кант диабетинин анализи чыгарылат, мындан сырткары (ЭКГ, УЗИнин) жыйынтыгын билип, ага диагноз коюлгандан кийин дарылоо башталат. Бизде кандай гана оору болбосун, өз дарыгери иштейт. Ооруну текшерип, кайсы дарылоо ыкмасы жакса гана ошону беребиз. Азыр көпчүлүк аялдарда миома, эркектерде аденома көп, эгер аларды текшербей туруп, баткак же парафин жазып берсек, шишиктерди ого бетер чоңойтуп жиберет. Андыктан, бүт ооруларды текшеребиз.

Читайте также:  Аденорм при аденоме простаты

Маектешкен:Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

«Мага простатит оорусу менен көп кайрылышат»- Роман Дадажанов.

Мен уролог-андролог болгондуктан мага простатит оорусу менен көп кайрылышат.
Мындан тышкары тукумсуздук жана уретрит дартына чалдыккандар да келишет.
Майда-барат оорууга дуушар болгондору деле бар.
Бирок эң негизгилери жогоруда аталган дарттар болууда.

Көп кыймылдаш керек. Жөө басуу зарыл. Чуркасаң андан да жакшы. Маалында тамактануу абзел. Стресстерден арылыш керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу кажет. Кыш мезгилинде иммунитети начарлаганда витаминдерди жеш керек. 15 жаштан кийин жок дегенде 2-3 жылда бир ар бир жигит андрологтун текшерүүсүнөн өтүп турушу зарыл. Анткени бул куракта эркек адамда гормоналдык өзгөрүүлөр болот.

Менде андай нерсе болгон жок. Пациентке ар кандай ыкма менен диагнозун угузса болот. Бул эми дарыгердин жеке тактикасына байланыштуу. Медицина алсыз болгон дарттар болсо, колумдан келбейт деп сылык айтам. Бирок максималдуу түрдө дарылаганга аракет кылам. Билимим жетпей калса, Улуттук урология борборуна жиберем. Ал жактан керектүү кеңештерди алышат. Керек болсо профессорго жиберем. Кээ бир учурларда дарыгерлер чогулуп, коллегиалдуу чечим кабыл алыш керек болуп калат.

Мактангандай болбоюн. Бирок бизге Астана, Алматыдан пациенттер келип турушат. Силерде урологтор жокбу деп сурасаң, Бишкекте жакшы карап, мыкты дарылай билесиңер дешет. Анын үстүнө казактар бизде дарылангандыгы үчүн кыргыз жарандарындай эле төлөшөт. Кошумча төлөм беришпейт.

Келечекте жогоруда айтып өткөндөй, онлайн кеңеш берүү өнүгөт. Андан тышкары жарандарыбыз дарыларды врачтын көрсөтмөсү менен үйүнөн эле заказ бере баштайт. Аларга керектүү дарыларды дрондор жеткирип барышат.

Мырзалар келечекте балалуу болом дешсе, анда сөзсүз түрдө уролог дарыгерге көрүнүүсү зарыл. Өзгөчө үйлөнөөрдүн алдында бир сыйра текшерилиш керек. Эгер кандайдыр бир инфекцияны жуктуруп алып жүрө берсе, үйлөнгөндөн кийин аялын да оорукчан кылат. Эң жакшысы, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу керек. Мындан тышкары жаман адаттардан тамеки чегүү, насывай атуу, ичкилик жана баңгизаттарынан алыс болушса. Булардын баары эркектин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Эгер эркек адам өзүнөн кандайдыр бир ооруну байкаса, кечиктирбей дароо дарыгерге кайрылышы абзел. Баса белгилей кетейин, 100 пайыз кепилдик берип айыктырабыз деген лицензиясы жок урологторго барбагыла. Алар алдамчылар. Ден соолугуңарды талкалап эмне кыласыңар. Өзүнүн ишин мыкты билген урологторго гана кайрылгыла.

Окурмандардан келген суроолорго дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев жооп берди.

Простатитти толугу менен айыктырса болобу?

  • Сенек (застойный) простатитти толугу менен айыктырса болобу?

Эгерде өтүшүп кете элек болсо, айыктырса болот. Простатит аз кыймылдуу жашоо образынан пайда болот. Андыктан, көп кыймылдап, муздактан абайлап, туура тамактаныңыз. Бир дарылангандан кийин баарын унутуп койбой, профилактика үчүн жылына бир-эки жолу текшерүүдөн өтүп туруңуз.

Читайте также:  Физиология мужчины простата

Балалуу болгум келет

  • Оң бөйрөгүм өнөкөт оорусу менен жабыркайт. Кийин балалуу боло аламбы?

Сиз өнөкөт пиелонефрит тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ооруса жана оорубаса дагы жылына анализ тапшырып, текшертип туруңуз. Туура тамактанып, дарыгердин айткандардын аткарсаңыз, балалуу болууга эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

Стафилококк чочулатат

  • Стафилококк жыныстык канташ аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Стафилококк микробдору адамдын ар кайсы жеринде болот. Алсак, ооз көңдөйүндө, ичегисинде, терисинде жана башка дегендей. Бул жерде өздүк гигиенаны сактоо керек. Болбосо заара бөлүп чыгаруу органдарына кирип кетип, сезгенүүнү пайда кылат.

Төшөк алсыздыгы

  • Төшөктө алсызмын. Интернеттен буга жардам берчү ар кандай дарылар бар экен. Ошолорду ичсем болобу?

Сиздин дартты «эректилдик дисфункция» деп айтабыз. Эркектин жыныстык катнаштагы алсыздыгы. Биринчиден дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Интернеттеги дарылар классикалык варианттар менен берилет. Жүз пайыз кепилдиги жок, бирөөнө таасир берсе, айрымдарына бербейт. Өз алдынча физикалык көнүүгүүлөрдү жасап, көп кыймылдап, муздак жерге олтурбай, оор көтөрүүдөн алыс болуңуз. Убагында уктап, эс алыңыз.

Герпестин зыяны

  • Жыныстык мүчөмдөгү герпести кантип кетирсем болот?

Жыныстык мүчөңүздөгү герпести дарыгерге текшертиңиз. Кан анализин тапшырып, чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Дарылануу узакка созулат, бир курстан айыкпайсыз.

Жыныс мүчөм муздак

  • Жыныстык мүчөм муздап калууда. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?

Бул простатит оорусунун белгилери. Сиз өтүшүп кете электе, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Текшерүүдөн кийин дарылоо курсунан өтөсүз.

Канча жашта үйлөнсө болот?

  • 21 жаштамын. Канча жашымда үйлөнсөм болот? Үй-бүлө курганга чейин жыныстык катнашка бара берсем болобу?

Мусулманчылыкта үйлөнгөнгө чейинки жыныстык катнашка тыюу салынат. Бул туура, бир жагынан ар кандай жыныстык жактан жугуштуу оорулардан сактайт, экинчиден ийгиликсиз сексуалдык тажрыйбадан улам пайда болгон психологиялык бузулууну алдын алат. Жигиттерге үйлөнүү үчүн оптималдуу курак 23 жаштан жогору.

Эркектик мүчөм кичинекей

  • Жыныс мүчөм кичинекей. Балалуу боло аламбы?

Жыныс мүчөнүн өлчөмү балалуу болууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Сиз мүчөңүздүн өлчөмү канча сантиметр экенин жазбаптырсыз. Эгерде 5-6 см болсо “микро пенис” деп диагноз коюлуп, дарыланат. Андан жогору болсо норма. Тукумсуздукка гипаспадия, аномалдык кемчиликтер таасир берет.

Уруктугумдун өңү башкача

  • Уруктугумдун өңү өзгөрө баштады. Эмне кылышым керек?

Сиз урологго кайрылып, спермограммага жана жыныстык жактан жугуучу ооруларга анализ тапшырыңыз. Чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Өз алдынча эч нерсе кылбаңыз.

Спорттун зыяны

  • Спорт менен көп машыгам. Жыныс мүчөмө терс таасирин тийгизбейби?

Жыныстык мүчөнү жабырката турган түрү болбосо, зыяны жок. Допинг, протеиндерди азыраак колдонуңуз. Болбосо организимде зат алмашуулар бузулуп, жыныс алсыздыгына алып келет.

Читайте также:
Adblock
detector